Turmush — Ош шаарындагы «Имам Аль Бухари-Алай» мечитин бузуу иштери башталды.
Ош шаарынын казысынын биринчи орун басары Акжол Бакиров Turmush басылмасына берген комментарийинде мечит 20-март күнү Айт намазынан кийин жабылганын билдирди. Анын айтымында, жаңы курула турган мечит заман талабына ылайык бардык шарттары менен салынып, шаардагы ири мечиттердин бири болот.
«Мечиттин жалпы аянты 44 сотыхты түзөт. Долбоорго ылайык, жер алдында унаа токтотуучу жай каралган. Жалпысынан жер астындагы унаа токтотуучу жайы менен кошо 5 кабаттуу имарат болот. Мындан тышкары, шаар тургундары үчүн маанилүү болгон мейитти жуундуруу жана кепиндөө кызматтары да мечиттин ичинде уюштурулат», - деди ал.
Акжол Бакиров белгилегендей, буга чейин мечиттер негизинен чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулуп келген болсо, бул жолу жергиликтүү жеке ишкерлер тарабынан салынууда.
Мечиттин имараты эскирип, айрым жерлеринде жаракалар пайда болгондуктан аны жаңылоо муктаждыгы жаралган.
«Имам Аль-Бухари Алай» мечити чоңдугу боюнча Оштогу экинчи мечит. Мечит болжол менен 3000 орундуу болчу.
Калаадагы эң чоң мечит — «Сулайман-Тоо» мечити. Мечит 20 миң адамга ылайыкталган.