Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагында Ак-Бекет айылы жайгашкан. Учурунда айыл аркылуу бардык аймакка кабар таратылып турган. №14 китепкананын жетекчиси Элмира Байжумаева айылдын тарыхы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Ак-Бекет айылы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун жээгинде жайгашкан.
«Айыл үркүнгө чейин Бекет деп аталган. Себеби ошол убакта Бекеттен бардык аймакка байланыш бөлүмүнөн кат-кабарлар таратылып турган. 1916-жылы Үркүн башталганда Совет мамлекети орноштурулганда кыргыз элинин көпчүлүгү үркүп, Кытай тарапка ооп кетишкен. Кыргыз жерине Совет бийлиги орногондон кийин көчүп кеткен эл өз жерлерине келе баштаган.
Ак-Бекет айылы 1935-жылы Ворошилов колхозу болуп уюшулган. Чарбанын андагы башкармасы В.Шербин болгон. 1936-жылы Кызыл-Октябрь колхозунун бир бөлүгү болгон. Ал кезде бул совхоздун негизги бөлүгү болуп асыл тукум кой чарбасын өстүрүү боюнча багытталган. Ал эми Ак-Бекет айылынын тургундары асыл тукум мал жандыктарга тоют камдоо иштери менен алектенген.
Азыркы учурда деле мал чарба, дыйканчылык менен алектенет. Учурда 1500дүн айланасындагы киши жашайт.
Негизинен Ак-Бекет айылы Үркүнгө чейин эле Россиядан жер которуп келген орустар тарабынан негизделген. Алгач Бекет деп аталганын жогоруда айттык. Учурда айылда 7 көчө бар: Ворошилова, 1-май, А.П.Чехов, Школьная, Дружба, Зеленая, Новоя», - деди Байжумаева
Анын айтымында, Ак-Бекет Кызыл-Октябрь колхозуна караган учурда,Ударник, Кашкелеӊ айылдары да кирген.
«Чарбада жалпы 5000 кой бар болгон. Алгачкы чабандар: Алымсейит Асанов, Мукай Карымбаев, Турсуналы Салыбаев, Иманалы Тайсариев, Федор Писарев, Сатай Эгембердиев. Булардан сырткары Мусакан Кашаганов, Искендер Мурзалиев, Виктор Кутуевдер да колхоз-совхоздун, айылдын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан», - деди ал.
1932-жылы чарбанын кеӊсеси, жумушчулары үчүн барак үйлөр курула баштаган. 1938-жылы маданият үйү, дүкөн, 7 жылдык мектеп курулган. Бул мектепте окуучуларга билим берүүдөн сырткары чоӊ кишилер үчүн мал доктур, агроном, эсепчи адистиги окутулган.
1950-жылдары эки колхозду бириктирип, Ворошилов колхозу болгон. Борбор калаадан келген Виктор Радионов башкарма болуп дайындалган.
1958-жылдары Ак-Бекет, Кашкелеӊ айылдары кайрадан Кызыл-Октябрь совхозунун үч бөлүктүн эки бөлүгү болуп кирет. Анда башкарма В.Финаев болгон.
1958-1989-жылдары П.Шаповалоы, 1989-1991-жылдары А.Осколов, 1990-1991-жылдары В.Ерольский, 1991-1992-жылдары А.Такабаев, 1993-жылыИ.А.Мурзалиев башкарма болгон.
1994-жылы Кызыл-Октябрь совхозу уюштуруу укуктук формасы боюнча экиге бөлүнгөн. Бири бириккен дыйкан чарба, экинчиси жеке менчик чарба.
Ак-Бекет айылынан Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайра кайтпай калган жоокерлердин так саны жок.
Азырынча такталган маалымат боюнча, согуштан кайтып келгендер:
- Павел Пинягин — 1902-жылы туулган;
- Владимир Ермилов — 1922-жылы туулган;
- Владимир Егорочкин — 1928-жылы туулган;
- Николай Поспелов — 1918-жылы туулган.
Бүгүнкү күндө айылда Улуу Ата Мекендик согуштун көзүү тирүү ардагери жок.