Turmush — Кечээ, 25-мартта Кара-Балта шаарында Чүй облусунун батыш зонасындагы аймактардын — Сокулук, Москва, Панфилов, Жайыл райондорунун жашоочулары менен жолугушуу өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жолугушууга акимдер жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов катышты.
Иш-чарада укуктук маселе боюнча элдин көйгөйлөрү айтылды. Жыйында Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагынан барган тургундар маселесин чечип берүүнү суранышты. Алар сатып алган жерлерине укуктук документ ала албай, кыйналып жатышканын билдиришти.
«Биз Кожомкул айыл аймагындагы 271-295-жана башка контурдагы жерлердин жалпы кѳгѳйү боюнча келдик. Биздин барбаган жерибиз калган жок. Акыр аягында 2023-жылы президентибизге 3 киши кирип, акыркы чекит коюлган. Ал жолугушууда ички иштер министри да бар болчу. Бирок маселе бүгүнкү күнгѳ чейин чечилген жок. Сот иши жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында баары бир элди сүрүп чыгарат деген имиштер бар. Бири-бирине жер сатып, мафия болгондор ѳз соту менен жооп бере берсин. Ортодо кызылдай акчасына сатып алган карапайым эл кыйналып калды. Акимият болсо эч нерсе чече албай жатат. Муну президентибиз эле чече тургандай болуп калды.
Жергиликтүү бийлик, прокуратура, укук коргоо органдары бул жердин тарыхын жакшы билишет. Баары кабардар, бирок эч ким эч нерсе чече албай жатат. Жада калса жерлерди чийип териштиргенде эл ѳзү чуркоодо. Архитектурадан эч ким келген жок. Биздин укугубуз корголбой жатат. Меселебизди чечип берүүнү суранабыз. Кичинекей балдарыбыз менен кѳчѳдѳ калбайлы», - деп кайрылышты жыйынга келген тургундар.