Turmush — Гүлназ Курманбаева Ала-Бука район акиминин социалдык маселелер боюнча орун басар болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Гүлназ Курманбаева 1972-жылдын 22-сентябрында Ала-Бука районуна караштуу Сары-Талаа айылында туулган. 1989-жылы Россиянын Магнитогорск шаарындагы педагогикалык институтуна тапшырып, 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- Эмгек жолун №3 Н.Орозалиев атындагы орто мектебинин орус тилчи мугалим болуп иштөө менен баштаган;
- 2005-2007-жылдары аталган мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары;
- 2007-2015-жылдары аталган мектепте орус тили мугалими болуп эмгектенүү менен, профсоюз уюмун жетектеген;
- 2011-жылы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланып, социалдык тармакты жетектеген;
- 2015-жылдан баштап Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
- 2023-жылдан бери социалдык маселелер боюнча сектор башчысы кызматын аркалап келген.