Turmush — Кечээ, 24-мартта Ош шаарында өткөн жолугушууда жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордо жол белгилеринин жана жол чырактарынын орнотулбай жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жолугушууга Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков жана шаардык прокуратуранын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кол өнөрчүлөр көчөсүнүн жашоочусу Алишер Навои көчөсү оңдолгондон бери унаалардын ылдамдыгы жогорулап, жол кырсыктары көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда бир нече баланы унаа сүзүп кеткен учурлар катталып, алардын бири каза болду.
«Мен Кол өнөрчүлөр көчөсүнөн келдим. Алишер Навои көчөсү жаңыдан асфальтталып бүттү. Бирок ал жерде унаалар өтө ылдам жүрүүдө. Ылдамдыкты чектөөчү белгилер жетишсиз. Жол чырактарды орнотуу боюнча кайрылсак, уруксат берилбей жатат дешти. Тиешелүү жерлерге жол чырактарды жана ылдамдыкты чектөөчү белгилерди коюп берсеңиздер», - деди шаар тургуну.
Ошондой эле, Курманжан датка көчөсүнөн «Тешик-Таш» базарына өтүүчү аймакта жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын өтмөктөр жана жол белгилери жок экени белгиленип, бул маселени да карап берүү өтүнүчү айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө шаардагы жаңы оңдолгон жолдордо жөө өтмөк сызыктарын чийүү, жол чырактарды орнотуу жана ылдамдыкты чектөөчү белгилерди көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 2025-жылы шаарда жалпысынан 82–83 чакырым жол оңдолуп, 21-22 чакырым тротуар төшөлгөн.