Turmush — Кыргызстанда сугат сууларын эсепке алуунун жаңы системалары ишке кирүүдө. Бул дыйкандардын айдалбай турган жерлерине суу жеткирүү жана сууну туура бөлүштүрүүгө жардам берет.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун пилоттук долбоору менен Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын чарба аралык каналдарынын жээгине сууну туура бөлүштүрүүчү 6 сенсордук билдиргичтер коюлган.
«Пилоттук долбоор менен суунун деңгээлин ченөөчү сенсордук билдиргичтер каналдардын жээгине коюлду. Системанын жардамы менен жумушубуз жеңилдеп калат экен. Анткени жумушта отурганда эле кирген суунун көлөмү, кайдан, канча суу келип жаткандыгы тууралуу маалымат берилет. Бир гидропосттон эки айыл өкмөттүн дыйкандары суу алгандыктан, айрым учурда суугат суусун талашып кеткен учурлар болчу. Азыр система коюлгандан бери эч кандай талаш-тартыштар жок», - дейт Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын гидротехникалык участкасынын жетекчиси Максатбек Суранчиев.
Бул башкармалыкта жалпы 26 гидропост бар.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманованын маалыматына таянсак, Кыргызстанда суу жетиштүү болгону менен ал эффективдүү башкарылбайт.
«Кыргызстандын ичинен Кочкор районун тандап алганыбыздын себеби, өздөштүрүлбөгөн жана сугат суусу жетпеген жерлер көп, ошондуктан пилоттук болуп кирген. Долбоордун алкагында суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу жана санариптешүү үчүн сугат сууларынын көлөмүн эсептөөчү билдиргичтер орнотулду. Дыйкандардын сууну туура эмес пайдалануусунан улам түшүм алууда ар кандай көйгөй болуп кетет. Мисалы, сууну көп пайдаланса, нымдуулук көбөйүп кетет же сууну аз колдосо жер кургап кетет. Аталган долбоор 4 жылдан бери иш алып барат», - дейт ал.
Жаңы система менен дыйкандар суу жетпеген таштак жерлерди да өздөштүрө алат. Учурда Кара-Суу айылынын тургуну Орозбек Салмоорбеков гидротаран менен күнөсканасындагы кулпунайларды тамчылатып сугарууда.