Turmush — Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна барып келген ветеринарлардын тобу мал-жандыктар арасында оору жок экендигин маалымдашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Буга чейин Тоголок Молдо айылынын айрым тургундары Соң-Көл жайлоосунда белгисиз оорудан улам мал-жандыктары ооруп, ооругандарын мал ээлерине жөнөтүп жаткандыгын, айрым малдар өлүп, аларды чуңкурга ыргытып жаткандыгын кабарлашкан. Бул боюнча райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчилиги баш болгон ветадистердин тобу аталган жайлоого барып, малчылар менен жолугуп, малдарын кароого алып, эч кандай оору жок экендигин аныкташкан.
Аталган башкармалыктын башчысы Зарылбек Мамбетказиев акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыровго мындай маалымат берген: «Баары таза, ооруган бир да кой жок. Биз барып караганда, ооруган кой, өлгөн мал көрө алган жокпуз. Уланбек аттуу малчынын короосундагы койлордон 3 козу ооруган, аларды союп жеп алган. Ушул чабан коркуп кетип айыл өкмөткө айткан. Дагы 2 ооруган козуну айылга салып жиберген».
Ал эми Тоголок Молдо айылынын тургуну Арстанбек Култаев 1 козусу өлгөндүгүн айтты.
«Өткөндө малчы 1 козу ооруп өлүп калды деп салып жибериптир. Эти сасып кетиптир. "Ыргытып жибергиле" деп ыргыттырып салгам. Эмнеден ооруганын деле билген жокмун. Меники кышкы төл. Козуларым көтөрөм деле эмес. Семиз эле козу экен», - деди ал.
Тоголок Молдо айылынын дагы бир тургуну Айсенем Турсуниязова мал-жандыктардын өлгөнү чын экенин билдирди.
«Эми өлүп жатканы чын да. Өткөндө малчы 4 өлгөн кой-козуну салып жибериптир. Биздики бирөө, Эркинбек Нурдиновдуку бирөө, Нурлан Дияровдуку бирөө жана Арстанбек Култаевдики бирөө. Төртөөнү бир күндө жөнөттү. Төртөө тең өлүк келди. "Малчы көмгүлө деди" деп шоопур айтып келген. "Макул" деп алып барып аңга ыргытып жибердик. Андан кийин эле удаа дагы бир козуну Таалайбектин уулу Адилет алып келди. Ал тирүү экен. Ал: "ушинтип эле тегеренип жатат деп койчу айтты" деди. Анан мен: "Ушинтип мал өлүп жатыптыр. Мал доктурлар каякта, көрүп коюшпайбы?" деп айтканым чын. Малдын тили бар беле, "бул жерим ооруп жатат" дегидей. Өлсө өлдү деп айттык. Өлгөнү чын. Аңга чейин ыргыттык. Эми эл мал менен жашап жатабыз. Караш керек. Убагында эмдеткенбиз. Дагы эмдеткиле десе, дагы деле эмдетебиз», - деди А.Турсуниязова.