Turmush — Бүгүн, 23-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун маданият үйүндө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Адиев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адылбек Алдаяров жана мекеме-ишканалардын жетекчилиги куттуктады. Анда Түп районунун «Ардактуу атуулу» наамы менен Санташ айыл аймагынын киреше боюнча башкы адиси Замирбек Ташиев, Түп районунун «Кадырлуу эмгек каарманы» наамы менен Сары-Булак айыл аймагынын Күрмөнтү айылынын башчысы Кайып Ибаков жана 11 кызматкер ардак грамота, 13 айыл өкмөтүнүн башчылары ыраазычылык каттары менен сыйланды. Ошондой эле өз кесибинин алдыңкыларына облустук өкүлчүлүктүн ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тапшырылды. Куттуктоолор, сыйлоолор Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлеринин жана айыл аймагынан чыккан музыка өнөрпоздорунун ыр-күүлөрү менен коштолду.