Turmush — Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Жаныбек Узагалиев эки жылдан бери павлин багуу менен алек. Ал кооз канаттуунун өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.
Павлин же тоос — тоок сымалдар, кыргоолдор түркүмүнө кирет. Бул канаттуу Индияда өзгөчө бааланып, аны үй канаттуусу катары кармоого уруксат берилген. Учурда бул канаттуу Кыргызстанда да баалуу болуп, баккандардын саны жыл санап көбөйүп келе жатат.
«Бул канаттууларды Сокулук районундагы базардан алгам — эки уургачы, бир эркек, беш балапан. Буларды кооздук үчүн багып жатам. Канаттуулардын ак сөөгү десе да болот. Үңдүк, тооктон аз жем жеп, сыпайы болушат. Алардан айырмачылыгы — аз жумуртка тууйт. Баскан жумурткасын 30-34 күндө балапан кылып чыгарат. Үндүктүн балапанындай мажүрөө эмес, тың болушат. Өзгөчө кам кордукту талап кылбайт. Анткени тоок жеген эле арпа, буудай, курт-кумурсканы жей беришет. Учурда суроо-талап көп болгодуктан, башын көбөйтөйүн деп жатам. Кызыгып сурагандар көп болуп жатат», - дейт Жаныбек Узагалиев.
Учурда анын короосунда 16га чукул кооз канаттуулар бар.
«Эркегинин куйругу жаш курагына жараша чоңоёт. Павлиндин жашы жогорулаган сайын баасы да кымбат болуп кете берет. Сат дегендер болуп калат. Менде эркектери басымдуу кылып жатат. Бул канаттуулардын башын көбөйтүп, белек кылып берсе жакшы болот экен», - дейт ал.
Анын айтымында, бир баш павлин 100 доллардан 500 долларга чейин бааланат.
Павлиндердин 2 түрү бар. Кадимки павлиндердин эркегинин дене узундугу 100-125 см, куйругу 40-45 см, эркегинин салмагы 4-4,5 кг. Көзчөлөр менен кооздолгон куйрук жапкычы 120-130 сантиметрге жетет. Башы, мойну, көкүрөгүнүн бир бөлүгү көк, жону жашыл, денесинин асты жагы кара түстө. Ургаачысы майдараак, анча кооз эмес, куйрук жапкычы болбойт.
Көк канат павлиндер кооз, ачык түстө, ургаачысы эркегинен аз айырмаланат. Бадал арасында, токою кыйылган жерде, суу жээктеринде жашайт.
Полигамдар: эркеги 3-5 ургаачы менен топтошуп жүрөт. Жынысташуу алдында куйрук жапкыч канатын желпүүр сымал жайып, тик көтөрөт. Жерге уялайт, 5-6 жумуртка тууп, ургаачысы 27-30 күн басат. Өсүмдүк жана майда жаныбарлар (курт-кумурска) менен азыктанат. Кадимки павлиндер кооз куш катары өстүрүлөт.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...