Turmush — Кыргызда аке деген наамга татыктуу болгон жети аке бар. Алар Мендигул уулу Карга аке (1718-1829), Алдаяр уулу Мойт аке (1745-1840), Доскулу уулу Сарт аке (1775-1865), Жылкыайдар уулу Тилекмат аке (1800-1863), Жолболду уулу Садыр аке (1821-1905), Мендигул уулу Карач аке (1837-1914), Байсары уулу Кыдыр аке (1843-1926).
Акелердин тарыхтагы орду, даанышман ишкердиги жөнүндө эл оозунда ар кандай сөздөр айтылып келет. Алардын ичинен эл акылманы жана олуясы Жолболду уулу Садыр акенин 200 жылдыгына, дипломат жана ойчул Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдыгына арналган «Улут баскан улуу жол» аттуу этнофестиваль Каракол шаарында республикалык деңгээлде белгиленди. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кыдыр аке Байсары уулунун өмүр жолуна азын-оолак токтолуп, Кочкор жергесине кандайча келгендиги боюнча сураштырды.
Кыдыр акенин чоң атасы Олжобай арык уруусунун бийи болгон. Атасы Байсары Сары-Жаз өрөөнүндөгү, Хан-Теңиринин этегиндеги Кытайга чектеш Кызыл-Сөөк, Көйкап, Эңилчек, Кайыңдыны жердейт. Кыдыр аке 1843-жылы Байыш жайлоосунда төрөлгөндө Кыдыр (Кызыр) алейсалам келип, бата бергендиктен, аты Кыдыр коюлган деген аңыз кеп бар.
Калыстыктан качпаган,
Калпыс сөздү айтпаган.
Жакынына тартпаган,
Жардыга доомат артпаган.
Айтканы элге эм болгон,
Телегейи тең болгон.
Касиеттүү Кыдырды,
Кызыр алейсалам колдогон.
Байсарынын иниси Токсабанын уулу Миңжылкы аттан жыгылып кайтыш болуп калгандыктан, Кыдырды багып алат. Токсаба уезд башчысынын жардамчысы болгондуктан, Кыдырды бала кезинен журт аралатып чоңойтот. Бала кезинен ак-караны айырмалап чоңоюп, өспүрүм курагында эле майда-чүйдө иштерди калыс чечип, эл оозуна алына баштайт. 1861-жылы 18 жаш курагында бий болуп, 1867-68-жылдары Россия империясы тарабынан киргизилген мамлекеттик башкаруунун аскерий-элдик системасын түзүүгө түздөн-түз катышкан. Ушундай сапаттарынын аркасында 1871-жылы түзүлгөн Түргөн волостунда шайлоодо ат салышып, жеңип чыгып, 28 жаш курагында болуштукка шайланып, 1917-жылга чейин (арык уруусун) түргөн болуштугун жетектеген. Кээ бир тарыхчылар Кыдыр акени 19 жашында, кээси 18 жашында болуш болгон деген ойду айтып жүрүшөт. Чындыгында болуш болгон же болбогон күндө да 18 жашында эл бийлегени айгине.
Мыйзамга ылайык, волостук башкаруучу (болуш) болом дегендер 25 жаштан жогорку талапкерлер катышып, шайлоо жолу менен жеңгени 3 жылдык мөөнөткө иштеп, жылдык маянасы 300-500 рубль болуп, аларга өзгөчө белги жана кызматтык мөөр берилчү. Болуштар арасында мынчалык узак убакытка, алты-жети жолу катар менен шайлангандар болгон эмес. 1889-жылдан баштап ал россиялык мамлекеттик бийлик тутумуна өкүл болуп, Пржевальский уездинин башкармасынын мүчөсү, уездик начальниктин жардамчысы жана кеңешчиси кызматын аркалайт. Ошентип, мамлекеттик башкаруу системасына түздөн-түз катыша баштайт. Өз доорунун мыкты акындарынын бири — Солтобай акын 1889-жылы сан жылкылуу Сарыбайдын атасы Солтонкулдун ашында Кыдыр акени:
Акбоз минип чалкайган,
Токсабанын Кыдыры,
Акылга терең шыдыры,
Бешенесинен куюулуп турат ырысы, - деп даңазалап ырдаган экен.
Кыдыр аке 1871-жылы Россия мамлекетинин Станиславский тасмасындагы кичине күмүш медалы, 1875-жылы ушундай медалдын чоң күмүш, 1893-жылы Станиславский тасмасындагы чоң алтын медалы менен сыйланып, ушул жылдар аралыгында Түркестан генерал-губернаторунун 1-2-даражадагы аскердик чепкендери менен сыйланган. 1906-жылы Россияда императордун жарлыгы менен Мамлекеттик Дума (мыйзам чыгаруучу орган) түзүлүп, 1906-жылдан 1917-жылга чейин Мамлекеттик Думанын 4-чакырылышы иштеген. Россия империясынын алыскы губернияларынын өкүлү катары Кыдыр аке Мамлекеттик Думанын 4-чакырылышынын делегаты (депутаты) болуп шайланган.
Кыдыр аке өз доорунда кыргыз элинин бир канча курултайын башкарган. Ошону менен бирге эл аралык мамилелерди чыңдоого өз салымын кошуп турган. Алсак, 1873-жылы 8-июнда Текестин Сүмбө деген жайлоосунда Жети-Суу облусунун, Ысык-Көл, Верный уездеринин жана Кытайдын Кулжа ооданында жашаган кыргыз, казак, ойрот, улят, тыргоот, калмактардын ортосунда жер бөлүштүрүү маселеси боюнча өткөн курултайда чек ара маселесин жигердүүлүк менен чечишип, кабыл алынган документтерге кол койгон.
1910-жылы Балыкчы аймагында өткөн курултайды Жети-Суу аскер губернаторунун чечими менен Кыдыр аке башкарып, мүлктүк маселелер, соттук иштер, кыргыз каада укугунун булагы болгон эрежелер кабыл алынган. Курултайды жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгү үчүн орус, казак, кыргыз өкүлдөрү Кыдыр Байсариевге ыраазычылыгын билдирген. Кыдыр аке кыргыз элинин каада-салттарын жакшы билген үчүн мыйзам чыгаруу иштерине жигердүүлүк менен катыша алган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...