Turmush — Кожомамбетов Азамат Асанбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эркеайым Сейтказиева 2025-жылдын 17-апрелинде кол койду.
Жаңы айыл өкмөт башчыны Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жамаатына акимдин орун басары Алмаз Сүйүндүков тааныштырды.
-
Азамат Кожомамбетов 2023-жылдын 24-августунан 2024-жылдын 18-январына чейин Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.
-
Ал 1980-жылы 28-августта Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында туулган.
Буга чейин Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында Эрнис Алыбаев иштеп жаткан.