Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери — 100 жаштагы Мамасали Жумаев каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Сузак райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Асылбек уулунун айтымында, маркум эртең, 19-мартта өзү жашаган Багыш айыл аймагынын Сафаровка айылында акыркы сапарга узатылат.
Мамасали Жумаев 1926-жылдын 2-сентябрында Сузактын Үч-Малай айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1944-жылдын январь айында согушка кетип, Воронеж, Волгоград, Владивосток, Хавировский жана Украинанын шаарларында согуш талаасында болгон. Согуш аягына чыккан учурда Японияда болгон.
--------------------------------------------------------
Turmush басылмасынын кабарчысы 2025-жылдын апрель айында Мамасали Жумаевдин үйүнө барып, кабар алган.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамасали Жумаевге 1944-жылы согушка чакыруу келген. Жаштык мезгили экинчи дүйнөлүк согушка туш келген ардагерге замандаштарындай эле 3 карындашын, апасын таштап, жашы 18ге толоору менен кан майданга аттанган.
«Жашында атасы каза болуп калгандыктан үй-бүлөсүн багуу жүгү жаш кезинен эле анын мойнунда болчу. 14 жашынан баштап колхоз, совхоздо иштеп баштаган. Зиректиги менен айырмаланган атам 16 жашында совхоздо эсепчилик кызматты аркалап баштаган. Ага чакыруу 1944-жылдын январь айында келген.
Атам согуш мезгилинде Россиянын Владивосток, Волгоград шаарларында болгон. 9-Май — Улуу Жеңишти ошол жакта тоскон. Согуш бүткөн соң Японияга жөнөтүлүп, 3 ай жүргөн. Айрыкча нансыз калган күндөрүн, сазга баткан учурларын көп айтып берди. “Нанды жыттап алып ыйлаганбыз. Бир туурам нанды бир канчабыз бөлүшүп жеген күндөрүбүз болду” деп айтчу», - деген уулу Үсөн Жумаев.
Анын 5 уул, 4 кыз, 35 небере, 80 чебере, 2 кыбырасы бар. Балдарынын улуусу 70 жашта болсо, эң кичүүсү 55 жашка чыккан.
- Улуу Ата Мекендик согушта ― 1941–1945-жылдагы фашисттик Германиянын совет элине кол салуусуна каршы Жалал-Абад облусунан 30 миңдей адам катышып, анын 18 миңден ашууну кайтпай калган.