Turmush — Ат-Башы районундагы бала бакчаларда «Манас таануу» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, сынактын жыйынтыгы менен «Ак-Жар сезими» жана А.Курманалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары облустук сынакка жолдомо алды.