Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары жана көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн көк бөрү боюнча мелдештердин 3-4-орун үчүн оюну өтүүдө. Оюнда Өзгөн районунун «Өзгөн ынтымагы» жана «Жаңы муун» командалары беттешүүдө.
Үчүнчү таймда «Өзгөн ынтымагынын» оюнчусу жаракат алды. Оюнчу сүрмө топ менен тай казандын жанында жыгылды. Улакчыны тез жардам унаасына салып, оюн талаасынын четине алып чыгышты.
-------------------------------------------------
Ушул эле оюнда биринчи бөлүмдүн башында «Өзгөн ынтымагынын» оюнчусу жараат алды. Улакчы сүрмө топ менен чаап бара жатып, тай казанды сүзүп алган. Ага тез жардам кызматы алгачкы жардам көрсөттү.
Ошондой эле экинчи таймдын башында «Жаш муундун» оюнчусу да жаракат алды. Улакчы сүрмө топ менен ат чаап бара жатып, оюн талаасында жыгылып, өзүнүн аты басып калды. Ага алгачкы жардам көрсөтүлдү.