Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары жана көк бөрү боюнча мелдештер өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн көк бөрү боюнча мелдештердин 3-4-орун үчүн оюну өттү. Оюнда Өзгөн районунун «Өзгөн ынтымагы» жана «Жаңы муун» командалары беттешти.
Үч таймдан турган оюнду командалар 1:1 эсеби менен жыйынтыкташты. Кошумча кошулуп берилген 10 мүнөттүк «алтын салым» оюнунда «Өзгөн ынтымагы» командасы тай казанга бир улак салып, 2:1 эсеби менен жеңип, 3-орунду алды.
Ал эми «Жаш муун» командасы 4-орунду ээледи.
Бул көк бөрү мелдеши 17-мартта башталган. Мелдешке 12 команда катышып, 4 топко бөлүнүп ойношту.
Мелдешке катышкан командалар:
- «Кара-Кулжа»;
- «Кара-Кулжа жаштары»;
- «Кара-Суу»;
- «Өзгөн ынтымагы»;
- «Жаңы муун»;
- «Жазы»;
- «Ийри суу»;
- «Салам-Алик»;
- «Кызыл-Тоо»;
- «Араван»;
- «Алай»;
- «Сузак».
Финалдык беттешке «Кара-Кулжа жаштары» жана «Кара-Суу» командалары чыккан.