Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунун борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын алкагында сүмөлөк кайнатылып, келген конокторго даам таратылды. Ошондой эле улуттук оюндар уюштурулуп, ыр-бийлер тартууланып, кеңири концерттик программа менен коштолду.
Нооруз майрамы — жыл сайын 21-мартта белгиленип, табияттын ойгонушун даңазалаган күн. Бул күнү күн менен түн теңелет.