Turmush — Бүгүн, 23-мартта Чүй облусунун Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, унаалардын бири оодарылып калды.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя саат 08:40 чамасында Султан Ибраимов менен Жантаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жеринде жол тескөөчүлөр жана тез жардам иштеп жатат.
Чүй ОИИБ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык боюнча тактоо жүргүзүп жатат.