Turmush — Кыргыз Республикасынын самбо боюнча 34 жаштагы чемпиону Бедиярбек Кадырбек уулу Көчмөндөр оюндарына символика катары жеткириле турган сууну алып бара турган облустук баатыр катары тандалды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Биримдик кербени» аймактык маданий долбоору боюнча Чаткалдагы Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүндөгү булактан чыккан сууну көөкөр менен Бишкек шаарына алып барат. Сууну алып келүү аземи 10-15 июнда болот.
«Биримдик кербени» маданий долбоорунун алкагында аймактын баатырын тандоо үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Баатырлыкка талапкер катары 19 жигиттин тизмеси келген. Алардын ичинен татыктуусун тандап алдык. Аны менен бирге облус аймагынан Бишкек шаарына алып барчу булактарды да тандап алдык. Булак да чоң мааниге ээ. Себеби ал ошол аймактын туризмдик потенциялын жогорулатууга таасир этет. Мындан улам жумушчу топ Чаткал районундагы Ыдырыс пайгамбар күмбөзүнүн алдындагы жер алдынан оргуп чыккан булакты тандады. Баатыр андагы сууну алгач көөкөр менен Манас шаарына алып келет. Бул жакта сууну даңазалоочу иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин август айында Бишкек шаарына алып барат», - деп айтылат маалыматта.
Бедиярбек Кадырбек уулу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын атайын полкунда кызмат кылат. Бою 2 метр 2 сантиметр. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын самбо боюнча чемпиону болгон. Гардеев атындагы биринчиликте самбо боюнча 2-орунду ээлеген. 2023-жылы ИИМдин биринчилигинде 3-орунду багындырган.
«Биримдик кербени» долбоору – Кыргыз Республикасы үчүн суунун жашоодогу баалуулугун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы символикалык маанисин баса белгилеген улуттук суу эстафетасы.
Долбоорду ишке ашыруунун этаптары:
1. 2025-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын бардык региондорунда тандоо иш-чаралары өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталат:
- Аймактардын баатырлары - өлкөнүн ар бир аймагын өкүлчүлүк кылуучу каарман жигиттер;
- Элчилер - аймактардын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон белгилүү жана көрүнүктүү инсандар;
- Суу алуучу булак - аталган аймактагы эң белгилүү суу булагы (көл, дарыя, булак ж.б.).
2. 2026-жылдын июнь айында башкы баатыр Хан-Теңири чокусунун мөңгүлөрүнө көтөрүлүп, кыргыз элинин биримдигин туюндурган башкы көөкөрдү мөңгү суусу менен толтурат. Бул этаптан кийин көөкөр Бишкек шаарындагы суу сактала турчу башкы аянтчасына жеткирилет.
Ошону менен бирге 2026-жылдын июнь айынан тартып бардык аймактарда белгилүү булактардан көөкөрлөрдү суу менен толтуруу аземдери жана ошол менен байланыштуу салтанаттары өткөрүлөт. Аталган аземдерден соң Көөкөрлөр өз аймактарындагы Суу сактала турчу аянтчаларга коюлуп, тургундар жана коноктор үчүн ачык болот.
3. 2026-жылдын 15-августуна чейин аймактардын баатырлары көөкөрлөрдү Бишкек шаарына алып келип, суу сактала турчу башкы аянтчага жайгаштырышат. Ал аянтча коноктор үчүн ачык болот.
4. 2026-жылдын 31-августунда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтчү күнүндө башкы баатыр, аймактык баатырлар жана элчилер салтанаттуу Кербен курамында «Азаттык-Арена» стадионуна багыт алышат.
Ачылыш аземинде Кыргызстандын бардык аймактарынан Көөкөрлөр камтыган суулар, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары алып келген суулар бириктирилет. Бул иш-чара дүйнө элдеринин ортосундагы биримдикти, ынтымакты жана өз ара урмат-сыйды даңазалаган азем болуп саналат.