Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кесиминде көмүр жүктөө иши уланып жатат. Бирок күн жылыганына байланыштуу көмүргө болгон суроо-талап азайды. Учурда көмүр кесиминде кезек дээрлик жок.
Унаалар кандай тартипте кирип, канча убакта көмүр жүктөп чыгат? Turmush басылмасынын кабарчысы унаанын айдоочусу жана кесимдин кызматкери менен бирге көмүр жүктөө тартибин көрүп келди.
Кара-Кече көмүр кесиминде иштеген кызматкерлердин айтымында, күнүнө 60-65 унаа көмүр жүктөп кетип жатат. Быйылкы жылдын планы боюнча 1 млн 350 миң тонна көмүр казылмак. План ашыгы менен аткарылды.
Ал эми айдоочулардын айтымында, таразага түшкөндө унаадагы көмүр ашыкча болсо, көмүр төгүлгөн жерге барып, ашыгын төгүп, салмакты тууралагандан кийин сапар тартышат.