Turmush — Саипбаев Нурланбек Жаныбекович Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бүгүн, 23-мартта Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов жаңы мэрди жамаатка тааныштырды.
Буга чейин Өзгөн шаарынын мэри болуп Элдос Таев иштеп келген. Ал бул кызматка 2025-жылдын апрель айында дайындалган болчу.
Нурланбек Саипбаев буга чейин Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүн жетектеген. Андан кийин Жогорку Кеңешктин депутаттыгына талапкерлигин койгон.