Turmush — Баткендин символу болгон өрүктөр гүлүн толук ачты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, багбандар ушул тапта аба ырайы туруктуу жылуу болуп турушун тилеп жатышат. Анткени күндүн кескин ысып же суук болуп кетиши өрүктүн түшүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир берет. Илгертен «сууктан калса да ысыктан калбайт» деген кеп айтылып келет. Эгер мөндүр жаап калса же аяз болсо анда түшүмдүүлүктү азайтышы ыктымал. Кескин ысып кетсе анда өрүк гүлүн түшүрүп салат. Мында түшүмдөн кол жууп калуу ыктымалдуулугу бар. Дагы бир жума аралыгында өрүк гүлүн төгүп, мөмө байлай баштайт. Деген менен февраль айында эле климаты жылуу келген айылдарда өрүк гүлдөп, учурда гүлүн төгүп жатат.
Облуста ар бир үй-бүлөдө өрүк бактары болгондуктан, жапырт гүлүн ачып, жыты буркурап адайып кооздукту тартуулап турган чагы. Мындан улам Япониянын сакураларындай туристтерди чакырган аймакка айлансак деген ойлор да жок эмес.
«Азыр Баткенде өрүк гүлү ачылып, жаратылыштын көркүнө көрк кошуп турган чак. Аппак гүлү көргөн адамдын көңүлүн көтөрөт. Өрүкзарлар гүлүн апрелдин башында төгүп, мөмөсү июнь-июль айларында бышып, августтун 10-15де баары толук жыйналат. Баткенде апрель айынын биринчи жумасы өзгөчө майрамдалат. Анткени дал ушул күндөрү Өрүк күнү белгиленип, жаш көчөттөрдү отургузушат.
Биз көбүнчө Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун япондордун сакурасына салыштырып суктанабыз. Чынында эле, алардан үйрөнө турган кызыктуу нерселер көп. Мисалы Японияда сакура жылына болгону 7-10 күн гана гүлдөйт. Бирок дал ушул 1 жумалык сулуулукту көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан 3 миллиондон ашык турист атайын келип, өлкө казынасына миллиарддаган доллар киреше түшүрөт экен. Япондор үчүн бул жөн эле гүл эмес, ханами (гүлгө суктануу) деп аталган улуттук чоң маданият.
Биздин чексиз созулган Баткендин өрүкзарлары кооздугу боюнча сакурадан эч кем калышпайт. Эгер биз да Өрүк гүлү деген чоң майрамга айлантып, жапа тырмак барып суктанып, аны дүйнөгө даңазаласак – бул туризмди өнүктүрүү менен бирге, адамдын жаратылышка болгон мамилесинин өзгөрүүсүнө чоң түрткү бермек. Өрүк гүлү – бул биздин чыныгы брендибиз», - деди Кара-Булак айылынын тургуну Замир Сапаров.
- Баткен облусунда 10 миң гектарлан ашуун өрүк бак бар.
Учурдагы өрүк зардагы көрүнүштү Жеңиш Раимбердиев тасмага түшүргөн.