Turmush — Баткен облусунда ири көлөмдөгү дары-дармек аткезчилиги аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, облуста өткөрүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кадамжай районунда кошуна өлкөдөн башка өлкөгө мыйзамсыз ташууга даярдалып жаткан ири көлөмдөгү дары-дармектер аныкталган.
Тактап айтканда, нистатин, цефтриаксон, цефекон-Д, азитромицин, ампицилин жана психотроптук кошулмасы бар 247 даана «Pregabalin Capsules IP 300 mg NERVIGESIC» дары каражаттары табылган. Алынган дары-дармектердин жалпы базар баасы 3 млн 477 миң 92 сомду түзөт. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын 47 жаштагы жараны К.Ш. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (экономикалык контрабанда) менен кылмыш иш козголду.
Учурда психотроптук кошулмасы бар дары каражаттарына соттук-химиялык экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо багытында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.