Turmush — Ош шаарында студентерди тоноого шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө убактылуу жашап, жогорку окуу жайлардын биринде окуган 2002-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 2026-жылдын 19-март күнү саат 02:00 чамасында Исанов көчөсүндөгү «Енисей» маркетинин алдында бейтааныш 2 жаран күч колдонуп «iPhone 15» үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын билдирген.
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүүлөр кармалышты. Алар: Баткен облусунун Айдаркен шаарынын тургундары — 2004-жылы туулган Т. уулу Э.(мурда адам тоноо менен соттолгон) жана 2007-жылы туулган А.А.
Учурда бул эки шектүү жаран Ош шаарынын Курманжан датка аймагынан (Юго-Восток) ондон ашуун студентти (арасында чет өлкөлүктөр дагы бар) тоногондугу маалым болду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө кайрылса болот.