Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун он биринчи каарманы — Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылынын тургуну Сезим Рахатбекова.
Жумгал раойну Нарын облусунун түштүк-батышында жайгашкан.19-кылымдын башында Кокон хандыгына, 1868-жылдан тарта Россия империясынын Түркстан губернаторлугунда, Октябрь революциясынан кийин Жети-Суу облусунун Нарын уездине, 1924-жылдан тарта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Каракол—Нарын округуна, 1926-жылдан Нарын кантонунун Кочкор—Жумгал болуштугуна караган. 1930-жылдары расмий түрдө өзүнчө административдик бирдик катары негизделген. 1932-жылы Кочкор району менен биригип, Сталин району деп аталган. 1935-жылы 20-майда Сталин районунан бөлүнүп, өзүнчө район катары түзүлгөн. 1962-жылы Тянь-Шань облусу жоюлганда Кочкор районунун тутумуна кошулган. 1965-жылы 20-январда кайдан өзүнчө район болуп бөлүнгөн. 1981-жылы районго Суусамыр өрөөнү кошулуп, 1992-жылы кайра бөлүнгөн.
Түндүгүнөн Чүй облусу, түштүгүнөн Тогуз-Торо (Жалал-Абад облусу), Ак-Талаа, Нарын, батышынан Токтогул (Жалал-Абад облусу), чыгышынан Кочкор райондору менен чектешет. Райондо жалпы 13 айыл аймагы жана 30 айыл бар. Борбору — Чаек айылы, ал маданияттын жана тарыхый эстеликтердин очогу катары белгилүү. Район негизинен айыл чарбасы жана тоо-кен өнөр жайы менен өнүгүүдө.
Жумгал — «жумшак, жайлуу өрөөн» деген маанини берет.
Эң кеңири тараган түшүндүрмө боюнча, «Жумгал» сөзү аймактагы табигый өзгөчөлүктөргө байланыштуу. Тоолор менен курчалган бул жердин өрөөндөрү жумшак жана жайлуу болгондуктан, анын аталышы «жум» (жумшак, жайлуу), «гал» же «кал» (жер, өрөөн) деген сөздөрдүн айкалышынан келип чыккан.
Айрым изилдөөчүлөр Жумгал аталышынын Жумгал дарыясы менен байланыштуу экенин белгилешет. Буга ылайык, аймак илгертеден эле ошол дарыянын аты менен аталган жана кийин ошол ат административдик аймакка да берилген.
Кээ бир маалыматтарда «Жумгал» аталышы байыркы уруу же топтун атынан келип чыгышы мүмкүн деп айтылат.
Жумгалдан чыккан атактуулар
Жумгал өрөөнү кыргыз элинин тарыхында зор из калтырган көптөгөн белгилүү адамдардын мекени болуп саналат. Бул жердин туулуп-өскөн уул-кыздары арасында кара жаак ак таңдай Калык Акиев, арген үндүү Мыскал Өмүрканова, сахнанын королу Муратбек Рыскулов, бийдин чыгары Бүбүсайра Бейшеналиева, кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева, музыканын генийи Муратбек Бегалиев сыяктуу таланттуу инсандар бар. Мындан тышкары, эл намысын сактаган даанышман Байзак баатыр, олуя Куйручукту, атактуу балбан Кожомкул сыяктуу тарыхый фигуралар да ушул аймактан чыккан.
Мыскал Өмүрканова тууралуу айта кетсем, ушундай жакшы ырдаганы үчүн жандуу үнүн уккан Сталин ордуна тура калып, кол чапкан экен. Анын үнү ушунчалык жандуу болгон.
Таттыбүбү Турсунбаева өзүнүн сулуулугу менен гана таанылбастан, өзүнүн жан дүйнөсү жана назиктиги менен таанылган адам болгон. Ал абдан жөнөкөй адам болгон. Мындан бүгүнкү күнгө чейин аты өчпөй, сулуулуктун символу катары таанып келишет. Негизи кыздарыбыз да татынакай келет. Таттыбүбү Турсунбаева Жумгалдан болгондуктан, ага окшогон сулуу кыздар көп.
Жумгал дегенде эле эске саяктар түшөт
Саяк уруусу — кыргыз элинин оң канат уруулар бирикмесине кирген, Тагай бийден тараган ири уруулардын бири. Санжыра боюнча Саяктан негизги эки уул: Каба жана Сары тарап, алардан Кулчулук, Шыкмамат, Ыман, Кутунай, Түнтөй өңдүү көптөгөн уруктар бөлүнөт. Саяктар негизинен Нарын, Ысык-Көл (Тоң), Талас, Токтогул жана Чүй аймактарында байырлашат. Саяктар тарыхта өзгөчө Нарын өрөөнүндөгү ири саясий жана аскердик күч катары белгилүү болгон.
Эл оозунда саяк уруусу 3кө бөлүнөт — супер саяк, морской саяк жана саяктын өзү. Супер саяктар Жумгалда, морской саяктар Ысык-Көлдө кездешет. Саяк уруусу башка уруулардын ичинен таанымал болуп эсептелет. Себеби саяк уруусунан чыккан адамдар Кыргызстандын калыптанышына чоң салым кошкон. Анын натыйжасында саяк уруусу таанылган десек болот.
Көкө-Мерен дарыясы жөнүндө...
Көкө-Мерен — Нарын дарыясынын ири оң куймасы, Жумгал району аркылуу аккан, узундугу 199 чакырым болгон тоо дарыясы. Суусамыр жана Батыш Каракол сууларынын кошулушунан түзүлүп, Кар-Булак сууларынан куралат. "Көк" жана моңгол тилинен "мөрөн" (суу) деген сөздөрдөн куралып, "көк суу" дегенди билдирет.
Өзөн кар жана булак сууларынан куралат. Өзөн апрель айында баштап агып, сентябрда тартылып кетет. Октябрь жана ноябрь айларында суулар тоңуп баштайт, ал эми март жана апрель айларында муздан арылат. Өзөндүн боюнан Кызыл-Ой, Арал, Сары-Булуң жана Өрнөк кыштактары жайгашкан. Көкө-Мерен дарыясы сугат иштери үчүн да кеңири колдонулат. Ал жергиликтүү дыйкандар үчүн суу жеткирип, айыл чарбасын иштетүүгө жардам берет. Суусунун көпчүлүк бөлүгү жаз жана жай айларында колдонулат.
Жумгалдан чыккан кара алтын
Кара-Кече көмүр кени Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан. Кара-Кече көмүр кени Токсон-Теке жана Кара-Кече сууларынын жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан. Кара-Кече көмүр кенин 1913-жылы геолог Валерий Субботин ачкан. Кенде А+В+С1 категориясына кирген 295 миллион тонна көмүр бар.
Кенди комплекстүү иштетүү боюнча түзүлгөн долбоорго ылайык, Кара-Кече аймагына 1200 мегаватт кубаттуулугу бар ири отун энергетикалык станциясы курулуп, Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол тартылат. Бул долбоордун алкагында жыл сайын 3 миллион тоннадай көмүр казылып алуу пландалган. Кендин казуу иштери 100 жылга чейин улантылышы мүмкүн.
Бул жактан казып алынган көмүр менен Нарын облусундагы социалдык имараттар камсыздалат. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы жылуулук борборун 30 пайызы көмүрү дал ушун кенден алынат.
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова