Turmush — Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, ички иштер органдары менен калктын ортосундагы ачык диалогду камсыз кылуу, ошондой эле милициянын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында 24-марттан 29-мартка чейин эл менен жолугушууларды уюштуруу белгиленген.
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов алгач Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы иштер, жергиликтүү милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, ИИМ тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор, ошондой эле курулуп пайдаланууга берилген имараттар жана андагы шарттар, санариптик сервистик тейлөөлөр тууралуу маалымат берди. Бул аймактарда милиция кызматкерлеринин ишине карата терс пикирлер айтылган жок.
Ошондой эле, Кадамжай районунун тургундары менен болгон жолугушууда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маанилүү маселелер көтөрүлүп, айрымдары жеринде чечилди.
Кызыл-Кыя шаарындагы жолугушууда шаардын айрым аймактарын жарыктандыруу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында видеокамераларды орнотуу боюнча сунуштар айтылды.
Ал эми Баткен шаары жана Баткен районунун тургундары менен жолугушууда социалдык маселелер, киберкылмыштуулуктун алдын алуу, чет өлкөдөн келип убактылуу иштеп жаткан жарандардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, мергенчилердин көйгөйлөрү, ошондой эле жол чырактарынын жетишсиздиги тууралуу маселелер көтөрүлдү.