Turmush — Санатбек Зарипбек уулу Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты өзү ырастады.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Кара-Суу районунун акими 25-март күнү кол койгон.
- Буга чейин Датка айыл өкмөтүн Залкарбек Каримов иштеп келген. Ал Нарын районунун акими болуп дайындалган.
Санатбек Зарипбек уулунун резюмеси:
| Аты-жөнү: | Зарипбек уулу Санатбек |
| Туулган күнү жана жери: | 26-апрель 1993-жыл, Алай району, Корул айыл аймагы. |
| Жарандыгы: | Кыргыз Республикасы. |
| Улуту: | Кыргыз |
| Билими: | •2019-2020-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясы, Адистиги: «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу». Ыйгарылган квалификациясы: «Магистр». •2010-2015-ж.ж. Академик М.Адышев атындагы Ош Технологиялык Университети, Адистиги: «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу». Ыйгарылган квалификациясы: «Менеджер». •2008-2010-ж.ж. Кыргыз-Кытай Гуманитардык Экономикалык Иниститу. |
| Иш тажрыйбасы: | •29.07.2025-жылдан баштап 2026-жылдын 25-мартына чейин. Ош шаарынын мэриясынын Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы. •22.10.2021-29.07.2025-ж.ж. Ош шаарынын мэриясынын Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары. •08.01.2019-22.10.2021-ж.ж. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин башкы адиси; •08.11.2017-08.01.2019-ж.ж. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин адиси; •03.04.2017-23.05.2017-ж.ж. Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси; •31.12.2016-2021-ж.ж. Корул айылдык Кеңешинин депутат; •23.08.2016- 03.04.2017-ж.ж. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жетектөөчү адиси; •05.06.2009- 24.10.2013-ж.ж. Корул айыл өкмөтүндөгү «К.Тайчабаров» дыйкан чарбасынын мүчөсү. |