Turmush — Ысык-Көл районунун Корумду айылында жол кырсыгы катталды.
Күбөлөрдүн айтымында, 28-март күнү кечинде Корумду айылынын кире беришинде эки унаа сүзүшкөн. Натыйжада «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Ал унаанын ичинде, болжол менен, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
Экинчи унааны 21 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Анын айтымында, айдоочулук күбөлүгү жок болгон.
Жабыркагандар боюнча маалымат такталууда.